Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусуКемин району 06.09.2019 12:17 На русском

Акчаларын жоготкон ишкер баласынын үстүнөн арыз жазганын билген эмес: Имановдун окуясы

Эльдияр Иманалиев
Эльдияр Иманалиев

Turmush -  Чүй облусунун Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын ага лейтенанты Эльдияр Иманалиев үй-бүлөдө бул кесип жөнүндө түшүнүк болушу шарт экенин, ансыз уруш-талаш көп болорун белгиледи.

Күнү-түнү эл кызматында жүргөн милиция кызматкеринин жеке жашоосу, алардын эл билбеген сырлары көп. Каарман аймактык кабарчыга жашоосу тууралуу айтып берди.

«Эң негизгиси үй-бүлөдө милиция тууралуу түшүнүк болушу керек экен. Иш сапарлар, түн ичиндеги чакыруулар, ар кандай кырдаалдар болуп, башында үй-бүлөдө бир аз уруш-талаштар чыкты. Бирок акырындык менен келинчегим түшүнүү менен мамиле жасап келе жатат.

Иш үстүндө кызыктуу окуялар көп болот. Бир күн экинчи күнгө окшошпойт. Кылмышкерди кармоо үчүн уйкудан калып, кыштын суугунда же жайдын ысыгында жүрбөгөн жерибиз калбайт. Кылмышкер кармалганда жабырлануучу тараптан ыраазычылык сөздөрүн уксаң, айыптуу тараптан жаман сөз угасың. Элдин кээ бири түшүнсө, айрымдары түшүнбөйт. Кээде түшүнгөн элдер жардам берет. Негизи кесибим жагат. Кандай болгон күндө да элдин коопсуздугун камсыздап, кылмыштар менен күрөшүп жүргөнүмө сыймыктанам», - деди ал.

Эльдияр Иманалиев кеминдик ишкер аялдын окуясын унутпайт.

«Ушул жай мезгилинде болгон окуядан айтып берейин. Менин аймагымда тамак ичүүчү жайлар, дүкөндөр көп. Бир күнү бир эже телефонумду уурдап кетти деп арызы менен кайрылып калды. Андан көп өтпөй ошол эле эже кассадан акча жоголду деп, кээ бир кардарларынан, жумушчуларынан көрүп жатты. Андан кийин кафесинин текчесинен сыралар (пиво) жоголо баштады. Биз дагы жумушчулардан шек ала баштадык. Эже күндө келип, «тапкыла, эмдигиче таба элексиңер» деп уруша баштады. Биз иликтөө иштерин жүргүзүп отуруп, уурдалган телефонду таптык. Андан кийин ууруларды колго түшүрдүк. Көрсө, өзүнүн баласы менен бир тууган эжесинин баласы экөө жасап жүрүшкөн экен. Алар жайында эс алуу убагында ошол эженин кафесинде иштешкен. Кармалгандан кийин кызыктын баары башталды. Баягы бизди урушуп жаткан эже кайра бизге жалдырап, «бул ишти токтоткула, жапкыла, арызды кайра алам» деп келе баштады. Ушундай окуя болгон. Адам баласы мындай учурда дароо өзгөрө түшөт эмеспи. Ошондо эженин уялганы, балдарына жини келгени, кайпалактап бизге жакшы сөздөрүн сүйлөп калганы эсимде калыптыр», - деди ал.

Иманалиев мектеп курагында эле милиция кызматкери болууну кыялданчу. Өзүнүн эңсеген кесибине кантип жеткенин да айтып берди.

«2002-жылы мектепти аяктадым. 2004-жылы аскердик милдетимди аткарып келдим. 2006-жылы Чүй облустук чек ара отрядында келишимдин негизинде кызмат өтөп калдым. Бирок эмнегедир милиция кызматкери болуу кыялым дагы деле калган жок. Ошентип, 2010-жылы Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын атайын батальонуна ишке кирип, кыялымды орундаттым. Ал жакта бир жыл иштеген соң милициянын генерал-майору А.Шабиров атындагы республикалык окуу борборуна барып, аны аяктап алдым. Андан соң 2011-жылы Кемин райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоо жайынын нөөмөт бөлүмүндө иштеп, 2016-жылдан баштап милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келе жатам.

Бош убактымды үй-бүлөмө арнайм. Көп жылдан бери кичинекей үй куруп келе жатабыз. Уста салса, ага очойгон акча керек. Биздин айлыкка үй кура албайсың. Бош болгондо ошол курулуш менен алектенем», - деди ал.

Милиция кызматкери 1984-жылы Кемин районунда төрөлгөн.

«Апам дарыгер болуп иштесе, атам ардактуу эс алууда. Бир эжем, бир карындашым бар. Келинчегим Керез экөөбүз эки баланы тарбиялап жатабыз. Улуу балам Рыспек мектеп окуучусу, кичүүсү Элдос. Келинчегим Кызыл-Октябрь орто мектебинде мугалим болуп иштейт.

Жакында эле ага лейтенант наамын алдым. Ондон ашык ардак баракчалардын ээсимин. Кемин районунун «Эң мыкты милиция кызматкери» деген наамды алгам. Эң негизги сыйлык — элдин ишеними. Эл сени чыныгы милиция кызматкери катары көрүп сыйласа, ошондон өткөн сыйлык жок.

Кесибим менен элге пайдамды тийгизсем дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×