Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 06.09.2019 09:42 На русскомНа русском

Жумгалдан келген мас аялдын жанынан табылган кыздын жакындары изделип жатат

Turmush -  Сокулук районунда көчөдө табылган кичинекей кыздан өз апасы баш тарткандан бери анын башка жакындары изделип жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Сокулук райондук мамлекеттик администрациядан билдиришти.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, аталган кыз Бишкектеги балдарды коргоо борборуна жайгаштырылган.

«Биз кыздын өз апасын таап, аны менен сүйлөштүк. Ал башка үй-бүлө курганын, 3 баласы бар экенин, ал эми бул кыздан баш тартарын билдирди.

Биз кызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк жасап, ал жерге апасынын гана аты-жөнү жазылды. Себеби, апасы, чоң энеси кыздын атасы каякта экенин билишпейт. Биздин соцкызматкерлерибиз башка жакын туугандарын издеп жатышат», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Буга чейин Чүй облусунун милициясы Сокулук айылындагы көчөдө мас абалда жаткан аялдын жанынан 5-6 жаштагы кызды табышкан.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 25-июлда болжол менен саат 8:00 чамасында 5 жаштагы кыз Сокулук РИИБге жеткирилген. Өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясынын кызматкерлери кызга психологиялык жардам көрсөтүү үчүн үй-бүлө жана балдарды коргоо борборунун психологдорун чакырган. Ал эми мас абалдагы аял кыздын чоң энеси болорун жана Жумгалдан шаардагы балдарынын үйүнө келгенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×