Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуСокулук району 05.09.2019 13:23

Сокулукта бир катар мамлекеттик кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды

Turmush -  Чүй облусунун Сокулук райондук мамлекеттик администрациясында райондогу мамлекеттик кызматтарда эмгектенген бир катар кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, «Кеменгер» сыйлыгы менен Кабылбек Бешимбаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамотасы менен Сокулук райондук сотунун кызматкерлери Д.Р.Макиева жана А.У.Картанбаевалар сыйланышты. Ошондой эле Мамлекеттик кадр кызматынын ардак грамотасы менен Фрунзе айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.И.Тюлемишова, «Мамлекеттик кызматтын отличниги» төш белгиси менен Т.А.Темирбекова, Н.Д.Асаналиева, Т.А.Атясовалар сыйланды.

Мындан сырткары кызматтык милдеттерин жоопкерчилик менен мыкты аткаргандыгы, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы менен 15 кызматкер сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×