Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 04.09.2019 14:16

Назия таяк тартыш боюнча дүйнөлүк кубоктун 3-этабына даярданып жатат

Turmush -  Назия Майлибашева таяк тартыш боюнча мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратууда. Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Рот-Фронт айылында 1985-жылы төрөлгөн.

Спортчу таяк тартыш боюнча дүйнө кубогунун ачык чемпионатынын 2-этабына катышып, эми ноябрь айында Польшада өтө турчу 3-этапка даярдык көрүүдө. Ал биринчи этаптан 1-орунду, ал эми экинчи этаптан 3-орунду камсыздады.

«Таяк тартыш боюнча дүйнө кубогунун 1-этабы ушул жылдын 8-9-июндарында Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөн. 85 килограммга чейинки салмактагылар арасында биринчиликке ээ болдум. Андан соң экинчи этап Өзбекстандын Алмалык шаарында 15-18-август күндөрү өткөрүлдү. Ал жактан 3-орунду алып калдым. Негизи дүйнөлүк кубок 3 этап менен өтүп, чогулган упайлардын жыйынтыгы менен алтын кубок тапшырылат. Эми 3-этап ноябрь айында Польшада өтөт. Ага катуу машыгуудамын.

Мени колдогон жолдошума, ушул спортко алып келген Таяк тартыш федерациясынын башкы калысы Эркин Тезекбаевге, машыктыруучум Эрмек Курманалиевге, Дима Шайнуров, Атайбек уулу Келдибек аттуу байкелериме ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Назия буга чейин 2018-жылы 21-октябрда ИИМдин спорт залында өткөн тандоо турга катышып, Якутияга жолдомо алган.

«Тандоо тур абдан жакшы өттү деп ойлойм. Ага бардык салмактагы 40тай спортчу катышты. Жыйынтыгында 1-орунду алып, Якутияга жолдомо алдым. Польшага Кыргызстандан 5 кыз, 6 жигит болуп барабыз.

Буга чейин III Көчмөндөр оюндарында биринчи айлампада Украинадан келген кыз менен беттешке чыккам. Тилекке каршы утулуп калдым. Ал былтыр дүйнө чемпиону болгон. Андан кийин Азербайжандан келген балбан кыз менен чыгып, 3-орунга ээ болдум.

Ысык-Көл оюндарында таластык жана көлдүк кыздар менен беттешке чыгып, 1-орунду алдым. Ошентип быйылкы жылы 1 алтын, 1 коло медалдын ээси болдум», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×