Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуМосква району 03.09.2019 13:25

Москва районундагы 4 үйдүн сарайлары өрттөнүп жатат. Видео

Turmush -  Бүгүн, 3-сентябрда Москва районунун Беловодск айыл өкмөтүндө 4 турак үйдүн жанаша жайгашкан сарайлары өрттөнүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Өрт болжол менен саат 12:00 чамасында башталган.

Учурда өрт өчүрүүчүлөр келип, тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.

Кийинчерээк жергиликтүү тургундар өрт өчүрүүчүлөр кечигип келишкенин билдиришти.

«Өрт саат 12:00дө четки сарайдан башталды. Көпчүлүк сарайларда отун, чөп жана башкалар бар эле. Аялдар чакалап суу ташып, эркектер дубалдын үстүн бузуп өрттү өчүрүүгө аракеттендик. Биздин аракетибиз да бир топ натыйжа берди. Эгерде элдер толук аракет кылбаганда сарайдан үйлөргө өтүп, көчөнү өрт каптайт эле. Өрт өчүрүү кызматкерлер кечикпегенде мүмкүн көп жерлер күйбөй калат болчу. Эми баары күлгө айланып жатып калды. Өрт өчүрүү кызматкерлерине телефон чалып чарчагандан өзүбүз чакалап суу ташыдык. Алар 2 саатка кечигип жатышат», - дешти жергиликтүү тургундар.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×