Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуПанфилов району 03.09.2019 09:02 На русском

Чүйдө өрттөлүп жаткан курулуш материалы жарылып, 13 жаштагы баланын денеси күйдү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  24-августта Панфилов районунда 13 жаштагы баланын денеси 18-20% күйүп, ооруканага түштү.

Маалым болгондой, жабырлануучу С.Ш. ооруканага бети, мойну, кулагы, ийиндери күйгөн абалда түшкөн. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал жаракатты отко курулуш материалдарынын калдыктарын таштап жаткан учурда алганы такталды. Отко түшкөн курулуш көбүгүнүн (пена) идиши жарылып кеткен. Өспүрүм анын кесепетинен денесинен жаракат алган.

ӨКМдин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери Панфилов районунда балдардын шоктугунан 5 өрт кырсык катталды. Былтыр 9 кырсык катталган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×