Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 03.09.2019 08:37 На русском

Айыл турмушу: 10 жыл мурда бизнеси банкрот болгон Т.Ашимов темир уста болуп иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын 53 жаштагы тургуну Турсунбай Ашимов 10 жылдан бери темир уста болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, түшкө чейин атайын цехте ширетүүчү болсо, түштөн кийин өзүнүн үйүндөгү устаканада иштейт.

«Негизинен кошуналар, тааныштар темирден ар кандай буюмдарды жасатышат. Балдар үчүн селкинчектерди, кооз тапчандарды, отургучтарды жасайм.

Бир жолу айланып асманга көтөрүлүп турчу балдар аттракционун жасоого буйрутма түшкөн. Аны кантип жасашты элестеттим, бирок жасаган жокмун. Себеби жоопкерчилик өтө чоң, балдар ойнойт. Мен болсо устачылыкты өз алдымча эле үйрөнгөн адаммын», - деди ал.

Темир уста буга чейин малдын жемин сатып, чакан ишкерлик менен алектенген. Бирок иши алга жылбай, банкрот болуп калган. Андыктан Беловодск айылындагы пенсионерден үйрөнгөн устачылык менен иштей баштаган.

«Мен Беловодск айылында жашагам. Жаныбызда орус чал бар эле. Ал мештерди жасап, тамдын чатырларын жапчу. Иши көп болгондо ооруп калчу же мени жардамга чакырчу. Мен ага 5 жыл жардам бердим. Ал учурда Кара-Балтадан жем алып келип сатып, чакан ишкерлик кылчумун. Кийин банкрот болуп, үй-бүлөбүз менен Кара-Балтага көчүп келдик. Бул жерде ширетүүчү болуп иштей баштадым. Алгач үйрөнчүк болчумун, кийин катардагы уста болдум», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушунда жөнөкөй нерселерди жасоодо да фантазия менен иштегенди жакшы көрөрүн айтты.

«Мага негизги тапшырма — буйрутманы чыгармачылык менен аткарып, кардарларыма кубаныч тартуулоо», - деди уста.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×