Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Баракелде, Дүйнө 02.09.2019 17:23

Италиядагы мекендештер Эгемендүүлүк күндү белгилешти. Сүрөт

Turmush -  Италиянын Сардиния аймагында жашаган мекендештер Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн белгилешти. Бул тууралуу мекендешибиз Нур Капарова билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага 200дөй киши катышты.

«Өзүбүздүн мекендештерден 100дөй адам, жергиликтүү тургундардан 100дөй адам келди. Майрам абдан жакшы өттү. Эс алуучу күнгө ылайыктап, майрамды кечээ күнү өткөрдүк. Кыргызстандан «Кыргыз тил» коомунун төрагасы Райымжан Курманов, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Жанарбек Алымов жана башка өкүлдөр келди. Ошондой эле Милан, Болонья, Неаполь, Франциядан мекендештерибиз келди.

Майрамдын башында жөө жүрүш жасадык. Андан кийин концерттик программабызды тартууладык. Үчүнчү бөлүгүндө улуттук оюндарды, салтыбызды көрсөттүк. Улуттук тамак-аштарыбызды бышырып, келгендерге дасторкон жайдык», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×