Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.09.2019 11:38 На русском

Мечитке шашкан айдоочу сүзүп  кеткен Асел Көчмөндөрдөгү 1000 комузчунун  бири

Асел Шаршеналиева
Асел Шаршеналиева

Turmush -  Комузда аткаруучулук өнөрү менен таанымал Асел Шаршеналиева Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 35 жаштагагы тургуну. 9 жашынан комузда кол ойнотуп, көптөгөн сынактарда байгелүү орундарды багындырган А.Шаршеналиева учурда Бишкектеги балдардын искусство мектебинде мугалим. Анын жашоосу, студенттик күндөрүндө жол кырсыгына кабылган аянычтуу окуялары менен аймактык кабарчы таанышты.

Айтымында, Кара-Балта шаарынын Жайыл-Баатыр атындагы №12 орто мектебин бүтүргөн. Окуучулук күндөрүндө мектепте уюштурулган комуз ийримине катышып, кийин музыкалык мектептен билим алган.

«Биз 4 бир тууганбыз. Балдардын эң улуусу менмин. Эсимде, анда 3-класста элем. Бир күнү апам Динара мени мектепке комуз ийримине алып барды. Чындыгында менин музыка жөнүндө түшүнүгүм деле жок болчу. Бирок, апам кандайдыр бир жөндөмүмдү байкаган экен. Ошентип, комуз үйрөнө баштадым. Жөн гана чертүү эмес, нота менен сабаттуулугум ачылган. Жаш өзгөчөлүккө карап түркүн күүлөрдү үйрөгөн сайын ата-энем мага өзгөчө көңүл бөлө баштады. Бош убактымда комуз менен жашадым. «Кербезимден» башталган күүлөр улам толукталып отурду. Мектепте кадыресе өнөрлүү окуучу болдум. Китеп окуйм, комуз чертем, музыка угам, үйдө апама жардам берем... Мүнөзүм оор эле. Ачылып, чечилип көп сүйлөй берчү эмесмин. Мектептен келем. Тамактанып кайра музыкалык мектепке кетем. Ойлоп кетем. Чыгармачыл болуу үчүн табият тартуулаган да талант керек экен. Көп эле балдар комузда окушту. Айрымдары кызыкпай үйрөнө алышпай кетип калышты. Жүрөктүн каалоосу да маанилүү тура.

Жаш кезде баары жакшы тура. Көйгөйлүү маселелер жок, курсак ток жүрө берет экенбиз. Анан убакыт өткөн сайын турмуш түйүндөрү да чиелене берет экен. Аны чечүү өзүңдүн гана аракетиңе, эркиңе байланыштуу экенин толук сездим. Мектептен соң, Бишкектеги М.Күренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүн бүтүрдүм», - деди ал.

Андан соң, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториядан билим алат. Ошол студенттик күндөрдө эле П.Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде, «Алтын шаты» балдар академиясында комуз боюнча ийримдерди жетектейт. Өзгөчө, 2016-жылдагы II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарга катышканын сыймыктануу менен сөз кылат.

«Менин Көчмөндөр оюндарына катышып калганыма насаатчым Алтынай Бектурганова эжейимдин эмгеги зор. Бир күнү «Асел, Көчмөндөр оюндарына 1000 комузчу барат экен. Сен да даярдан. Комузда аткаруучулук өнөр боюнча сенден өткөндөр аз» деген. Мен ойлонбой туруп эле, «сөзсүз барам» дегем. Себеби, комузчулардан тандоо жүрүп жатканын укканмын. Ошентип, 5 баланы топтоп, А.Огомбаевдин «Маш ботоюн» чертип даярдана баштадык. Күндөрдүн биринде тандоо үчүн түзүлгөн калыстардан өкүлдөр келишип көрүп жактырышты. Ошентип, Көчмөндөр оюндарына катышып, президенттин ыраазычылык катын алганбыз. Бул менин өмүрүмдө бир бурулуш болду. Эл алдына мени таанытты. Комуз үйрөнүүгө болгон адамдар мени издөөчү болду», - дейт ал.

Комузчу консерваторияда окуп жүргөндө жол кырсыгына кабылганын өкүнүү менен айтат. «Сага дуба тийген» деген кимдир бирөөнүн сөзүнө ишенип-ишенбей жашап келет.

«Анда студент элем. Ошол күнү курсташымдын туулган күнү болчу. Бизди үйүнө чакырган. Сабактан чыктым да, кийимдерди алмаштырып, бир аз даярдык көрүп алуу үчүн маршруттук автоунаага отуруп, өз үйүмө жөнөдүм. Аялдама келип түшкөм. Көп элдер турганын көргөм. Бир убакта жолдон өтөрдө каршы тараптан келе жаткан жеңил автоунаа келип сүзгөнүн билем, калганы эсимде жок. Бир убакта көзүмдү ачсам адамдар мени унаага көтөрүп салып жатыптыр. Коркконуман кайсыл жерим жаракат алганын деле билбейм. Мени сүзгөн айдоочу 35 жаштардагы сакалчан кыргыз жигит экен. Мени унаасына салды да белгисиз көчө менен зуулдатып айдап жөнөдү. Бутум көтөрүлбөйт. Сынган же чыкканын билбейм. Бир убакта бир аялды алды да, шаардагы №4 оорукананы көздөй жөнөдү. Жолдо келе жатып тиги аялга «мечитке шашып бара жаттым эле. Өзүм намаз окуйм. Кырсык болуп кетти» деп коёт. Ооруканага жеткен соң, дарыгерлер менен сүйлөшүп көпкө турду. Ошондо эсиме келип чөнтөк телефонум менен таежеме коңгуроо кылдым. Алар заматта жетип келишип, айдоочу менен бирге ооруканага жаткырышты. Көз ирмемде акыл-эсим жоголуп кайра өзүмө келгенимде канча убакыт өткөнүн билбейм.

Стресс алдым. Ооруканада дарыланып жаткам. Бир күнү кошуна бөлмөдөгү бейтааныш киши келип, «кызым, бутуң сынбаганына кудайга шүгүр. Бешенең бар экен. Сени да, айдоочунун унаасын да дубалап салыптыр. Түшүнбөсөң, аны кара дуба деп коёт. Кырсыкка жеңил кабылдың. Бирок, өтө сак жүр!» деп жүрөгүмдү түшүрсө болобу. Билбейм. Менин өмүрүмдө бирөөгө комуз күүсүн тартуулагандан башка эч деле өзгөчө учурлар болгон эмес. Жамандык деле ойлобойм. Башкалар менен жолугушууга убактым деле жок. Өзүм менен өзүм болуп комуз күүсүндө жашап келем. Бирөөлөрдүн ыраазычылыгын алам», - деди Асел Шаршеналиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×