Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 02.09.2019 09:23

Токмокто баатыр энелерге акчалай сыйлыктар тапшырылды

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында жакында эле «Баатыр эне» наамын алган энелерге акчалай сыйлыктар берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, салтанаттуу жыйынга тиешелүү бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. Көп балалуу энелерди мэр Данияр Амангелдиев куттуктап, гүлдесте, баалуу белектерди жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

«Баатыр эне» наамын алган апалар: Люхар Байло, Каныкей Боронова, Марбет Садирова, Марина Соколова, Светлана Клименко, Завархон Кожоева, Айсулуу Шарипова, Мээрим Алмоорбекова, Шамсия Хайдарова. Булардын ичинен эң кичүүсү — 39 жаштагы Мээрим Алмоорбекова.

Энелерди сыйлоого мэриядан 32 500 сом бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×