Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 30.08.2019 13:53

Эгемендүүлүк күнү: Токмокто майрамга даярдыктар жүрүп жатат

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 28 жылдыгын майрамдоо максатында даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Учурда борбордук аянтта маданият кызматкерлеринин катышуусунда майрамдык программага даярдыктар жүргүзүлүүдө. Салтанаттын жүрүшүндө улуу ойчул, акын Жусуп Баласагындын өмүр баянынан театралдаштырылган оюн көрсөтүлөт. Ошондой эле эстрада жылдыздары чоң программадагы концерт тартуулашат.

Азыркы тапта майрамга карата ишембиликтер өтүп, тазалоо иштери да жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×