Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Токмок 30.08.2019 09:40

Токмокто 17,7 млн сомго ички жолдор оңдолуп жатат

Turmush -  Чүй облусунун Токмок шаарында республикалык бюджеттен бөлүнгөн 17 млн 700 миң сомго ички жолдор жасалууда.

№954 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Руслан Матаевдин айтымында, бир аптадан бери Ленин көчөсүндөгү жолду оңдоо иштери жүрүп жатат.

«Жолчулар Ленин көчөсүнүн 3 чакырым жолун — Октябрдын 70 жылдыгы көчөсүнөн тазалоочу курулмаларга чейинки аймакты асфальтташат. Бул иштер Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында уюштурулуп, Транспорт жана жол министрлигинин долбоору боюнча республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөн. Андан соң мэрия менен макулдашуу жүргөндөн кийин ички көчөлөрдү оңдоо иши башталган.

Жолду Шамсинкий менен Сарбагышев көчөлөрүн оңдогон ишкана жасап жатат. Бул жума жол жасоочулар тешиктерди бүтөө менен алектенүүдө. Аларды асфальт жана жолдогу кудуктардын капкагына теңдеп жасашат. Ошондо айдоочулар коопсуз жүрө алышат», - деди ал.

Руслан Матаевдин айтымында, негизи жолчулар асфальттын калыңдыгын 5 см кылып жасашат, бирок бул участкада жол бузулгандыгына байланыштуу асфальттын калыңдыгы 6 см болот.

«Жолдун туурасы — айрым жери 7 метр, кээ бир жери 6 метр. Жол жасоочулар 8 метрге чейин узартышат. Эмки жумада жогоруда айтылган жолду толук асфальттоо үчүн атайын техникалар ишке киришет. Бул жолдорду оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 17 млн 700 миң сом каралган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×