Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусуКемин району 28.08.2019 10:30

Кеминде бир катар мугалимдер сыйланышты

Turmush -  26-августта Чүй облусунун Кемин районунда 2019-2020-окуу жылына даярдык боюнча мугалимдердин август кеңешмеси өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кемин райондук маданият үйүндө өткөн кеңешмеге Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы Нурлан Шаршеналиев, тарых илимдеринин доктору, профессор Акылбек Жуманалиев, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Түлебаева, мэрлер, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлор жана мугалимдер катышты. Кеңешменин башында Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Айнагүл Түлебаева 2019-2020-окуу жылына даярдык жана аткарылган иштер боюнча маалымат берди.

Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысы Нурлан Шаршеналиев 2019-2020-жаңы окуу жылына карата оңдоп-түзөө иштери мыкты деңгээлде жасалгандыгы жана мектептин техникалык базасы жакшы чыңдалганы үчүн М.Кашаганов атындагы Ак-Бекет орто мектебине диплом жана акчалай сыйлык тапшырды. 2018-2019-окуу жылындагы облустук олимпиададан 2-орунду алган окуучунун мугалимине жана 2018-2019-окуу жылындагы жалпы республикалык тестирлөөдөн 208 упай топтогон бүтүрүүчүнүн 2 мугалимине диплом жана акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле 2019-2020-окуу жылындагы 10 жаш мугалимге белектер тапшырылды.

Иш-чарада жетекчилик тарабынан райондогу бардык билим берүү мекемелерин таза суу менен камсыз кылуу, санитардык-гигиеналык абалды сактоо ишин колго алуу, билим берүү мекемелеринде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерин сапаттуу өткөрүү, демөөрчүлөрдү табуу, долбоорлорду жазуу ишин колго алуу, кышка карата толук кандуу даярдык көрүү жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×