Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуЧүй району 28.08.2019 10:19

Чүй айылында сүт өндүргөн ферма ачылды. Сүрөт

Turmush -  Аламүдүн районунун Октябрь айыл аймагына караштуу Чүй айылында сүт өндүргөн ишкана ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Аталган ферма Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Түштүк Кореянын долбоору аркылуу ишке ашты. Долбоор тарабынан курулуш иштерине 29 миң доллар сарпталган. Ал эми жергиликтүү эл тарабынан 590 миң сомдук (эмгек түрүндө), айыл өкмөт тарабынан 150 миң сомдук жумуштар аткарылды.

Долбоордун максаты — айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу.

Муниципалдык ферманын ачылыш аземине Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Те Ёк, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Марс Саккараев, акимдин орун басары Айбек Кулубаев, райондук мамлекеттик администрациянын аппарат жетекчиси Манас Касымбеков, райондогу айрым мекемелердин жетекчилери, аталган айылдын тургундары катышты.

Кызыл тасма кесилгенден кийин иш-чаранын бардык катышуучулары ферманын ичин бир сыйра көрүп чыгышты. Элчи Ха Те Ёк баштаган Түштүк Кореянын өкүлдөрүнө Алтынбек Намазалиев чакан белектерди тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×