Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуКемин району 26.08.2019 20:41

Кеминдеги мектеп интернет байланышына туташты

Turmush -  Чүй облусунун Кемин районундагы Б.М.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебин аяктап кеткен бүтүрүүчү мектебиндеги 13 компьютерге интернет байланышын туташтырып берди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептен билдиришти.

WhatsApp Image 2019-08-26 at 08.18.56

«Аталган мектепте жакшы иш болду. 13 компьютерге интернет байланышы кошулду. Ошондой эле биздин мектеп 2019-2020-окуу жылына толугу менен даяр. Оңдоо иштери ата-энелердин демөөрчүлүгү менен жасалды», - деп билдиришти мектептен.

Аталган мектепте 517 окуучу билим алып, 37 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×