Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-октябрь
Чүй облусу, Токмок 24.08.2019 10:53 На русском

Токмок шаарында кафе өрттөнүп кетти

Turmush -  Кечээ, 23-августта Токмок шаарындагы кафелердин биринин 286 чарчы метр чатыры күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Өрт саат 13:55 чамасында толук өчүрүлдү. Учурда кырсыктын себеби такталууда», - деп айтылат маалыматта.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, өрт электр тогунун чыңалуусунан улам келип чыккан.

«Бул кафе шаарыбыздагы аты белгилүү, чоң кафе. Ал Шамшы көчөсүндө жайгашкан. Өрт электр энергиясынын чыңалуусунан келип чыккан», - деп билдиришти тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×