Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуКемин району 22.08.2019 11:53

Кеминдин Орловка шаарында 200 гектардагы чабылган арпанын орду өрттөнүп кетти

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Кемин районунун Орловка шаарынын Подгорная айылындагы талаада 200 гектардагы чабылган арпанын орду күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта ӨКМден билдиришти.

Кеминдин Кызыл-Октябрь айылында 20 гектар жердеги куураган чөп күйдү.

Сокулук районунун Новая айылында 10 гектардагы чабылган арпанын орду өрттөндү.

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында 10 гектардагы куураган чөп күйдү.

Сокулук районунун Сокулук айылындагы үйдүн 80 чарчы метр чатыры өрттөндү. Учурда бул кырсыктардын себептери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×