Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусуЫсык-Ата району 21.08.2019 11:50

Ысык-Атада 46 мектеп интернет менен камсыз болду, - аким

Байыш Курманов
Байыш Курманов
// Turmush

Turmush -  Ысык-Ата районундагы 47 мектептин ичинен 46 мектеп интернет байланышы менен камсыз болду. Акыркы 1 мектеп 1-сентябрга чейин камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта аким Байыш Курманов билдирди.

Анын айтымында, 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу электрондук саламаттыкты сактоо тутумун пайдаланат. Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин жардамы менен 28 компьютер, 5 ноутбук берилген. 2019-жылы 55 долбоор кабыл алынган. Аларды ишке ашыруу менен 67 адам жумуш орундары менен камсыз болгон.

Айыл чарба тармагында өндүрүштүн көлөмү 104 пайызды түздү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×