Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуСокулук району 21.08.2019 11:43

Чүй облусунда 26 гектар жердеги куураган чөп өрттөндү

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Сокулук районунун Гавриловка айыл өкмөтүнүн Токтонай жайлоосунда 8 гектар жердеги куураган чөп күйдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта ӨКМден билдиришти.

Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 10 гектардагы куураган чөп күйүп кетти.

Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылында 2,5 гектар жердеги куураган чөп жана 20 түп бак-дарак күйдү.

Жайыл районунун Калинин айылында ачык аянтта 4 гектардагы куураган чөп өрттөндү.

Москва районунун Садовый айылында ачык аянтта 2 гектардагы куураган чөп жана электр мамычасы күйүп кетти. Учурда бул кырсыктардын себеби такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×