Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 20.08.2019 12:15 На русском

Үрөй учурган жол кырсык: Бир үй-бүлөдөн 4 адам каза болуп, 6 жаштагы кыз жетим калды

Turmush -  18-августта Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндө 3 унаа катышкан жол кырсыгынан бир үй-бүлөдөн төрт киши көз жумду. Алар Суусамыр жайлоосундагы боз үйдө 2-3 күн эс алып, Бишкекке бара жатышкан.

«1982-жылы туулган Ильяз жана анын 1982-жылы туулган жубайы Наргиза, алардын 4 жаштагы кичүү уулу менен 6-класста окуган улуу баласы каза болду. Үй-бүлөдөн аман калган 6 жаштагы кызы учурда Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасында операцияга даярдалып жатат. Каза болгон жакындарыбызды кечээ, 19-августта Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылында жерге бердик.

Кырсык болгон күнү жакын туугандарыбыз Жайыл РИИБге арыз жазды. Ошол арыздын негизинде иш козголду. Бирок «Хонда» унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден качып кеткен. Азыркы күнгө чейин табыла элек. Биз акыйкаттуу чечим чыгарууну талап кылабыз», - деди жакындары.

Маркум кичүү уулунун ден соолугуна байланыштуу үй-бүлөсү менен бирге 4-5 жылдан бери Россияда жашап жаткан.

«Алар жакында эле Россиядан келип, айылда маркум атасынын жылдыгын өткөрүшкөн. Кайра Россияга кетүү үчүн жолго чыгышкан. Ортодон Суусамырдагы боз үйгө 2-3 күн түнөп, балдарын эс алдырып, андан кийин чыгышкан экен», - деди туугандары.

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришкендей, ушул жылдын 18-августунда болжол менен саат 10:00 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 174-чакырымында 3 унаанын — Талас облусунун 1995-жылы туулган тургуну А.Т. башкарган «Хонда-Торнео» үлгүсүндөгү автоунаа, 1980-жылы туулган А.Ж. башкарган «МАН-Т-40» май ташуучу унаасы жана 1982-жылы туулган А.у.И. башкарган «Мазда GX-7» үлгүсүндөгү автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Кырсыктын кесепетинен «Мазда GX-7» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, анын 1982-жылы туулган жубайы А.Н., алардын балдары — 2006-жылы туулган А.Р., 2015-жылы туулган А.У. каза болуп, 2011-жылы туулган кызы ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 297-беренеси (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери тергелип жатат. Тергөө кызматы тиешелүү экспертизаларды дайындап, азырынча алардын жыйынтыгы чыга элек.

Күбөлөрдүн айтымында, жол кырсыгына себеп болгон «Хонда-Торнео» унаасынын айдоочусу биринчи медициналык жардамды алгандан кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция ага издөө жарыялап, азыркы тапта шектүүнү кармоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

«1995-жылы туулган Алтымышов Талгатбек Алмазбековичти көрүп-билгендерден Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 0(312) 22-15-58, 0555 (29-95-20), 0(701) 31-41-93 номурлары аркылуу же «102» кызматына байланышууну өтүнөбүз», - деп айтылат маалыматта.

WhatsApp Image 2019-08-20 at 10.54.59-1

Буга чейин Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы: «Бишкек—Ош унаа жолунун 173-чакырымында "Мазда" үлгүсүндөгү жол тандабас Суусамырдан Бишкекке, "МАН" үлгүсүндөгү май ташуучу унаа Бишкектен Ошко кетип бара жаткан. "Мазданын" артынан бара жаткан "Хонда Торнео" унаасы андан ашып өтүүгө аракет кылып, бирок каршы тилкедеги май ташуучу унааны көрүп, өз тилкесине кирип бара жатканда "Мазда" унаасын сүзгөн. "Мазда" май ташуучу унаанын алдына кирип кеткен. Ал эми май ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып калган», - деп билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×