Бөлүмдөр
Шейшемби, 10-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 19.08.2019 12:02 На русском

Франциялык үй-бүлө багып алган Кирилл Кыргызстанга келип, бир тууган агасына жолукту. Сүрөт

Turmush -  Франциялык үй-бүлө багып алган Кирилл Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарына келип, бир тууган агасына жолукту. Бул тууралуу Кириллдин таежеси Чолпонай Кайымова билдирди.

Анын айтымында, сиңдиси оорунун кесепетинен каза болуп, анын 2 жаштагы уулу балдар үйүнө өткөрүлүп берилген. Ал жактан 2007-жылы баланы франциялык аял багып алган.

11 жаштагы Кирилл Николь Морш 9-августта Кыргызстанга келип, өзүнүн апасынын туугандары жана бир тууганы менен жолугуп кетти.

«Кирилл менин маркум сиңдимдин баласы. Телефон аркылуу байланышып жүргөнбүз. Алар алгач 9-августта Бишкек шаарына келишип, ал жактан аларды сиңдим тосуп алып, жер көрүп кетебиз дешкенинен 15-августта Кызыл-Кыяга келишти. Биз котормочу таап, даярданып тосуп алдык. Кириллдин француз ата-энеси, француз апасынын сиңдиси, балдары болуп жалпы 8 адам келишти. Мал союп, калпак кийгизип, сый көрсөткөнүбүздү көрүп таң калышып, үрп-адатыңар жакты деп кетишти. Бир күн түнөштү. Кирилл агасы экөө жанаша, сүйлөшүп жатышты. Эртеси Ноокаттагы Абшыр-Ата эс алуу жайына баралы десек, үй-бүлөнүн бир баласы ооруп калды», - деди Чолпонай Кайымова.

Франциядан келген үй-бүлө 16-августта кайра Бишкек шаарына кетишкен.

Буга чейин Turmush басылмасы Францияда чоңойгон 11 жаштагы Кирилл Николь Морштун таякелери жактан туугандары Ош облусунан табылганын жазган.

Кирилл ушул жылы Россиянын «Жди меня» телеберүүсүнө туугандарын таап берүүнү суранып кайрылган. Аталган телеберүү аркылуу ал бир тууган агасы Акылбек Тагаев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык кеңешинде жашай турганын билген. Бирок Акылбек Тагаевдин туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнүн жоктугунан улам иниси менен жолугушуу үчүн Россияга бара алган эмес.

Акылбек Тагаевди атасынын эжеси багып чоңойткон. Ал бир тууган иниси бар экенин буга чейин билген эмес. Акылбек 9-класстын бүтүрүүчүсү.

Толук маалымат бул шилтемеде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×