Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусуСокулук району 14.08.2019 22:47

Сокулукта жардамга муктаждарга 150 кой менен 8 уйдун эти таратылды

Turmush -  Сокулук районунда 150 кой, 8 уй союлуп, жардамга муктаждарга таратылды. Иш-чараны райондук мамлекеттик администрациясы жана айыл өкмөттөр уюштуруп, жеке демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.

«150 кой жана 8 уйдун эти айыл өкмөттөрдө аз камсыз үй-бүлө катары тизмеде тургандарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга таратылды. Мисалы, Жаңы-Жер айыл аймагында 600дөй кишиге эт, 150 кишиге 1000 сомдон акчалай жардам берилсе, Сокулук айыл аймагында 350дөй адамга эт таратылды. Ошондой эле Маловодное айылындагы реабилитациялык борборго айыл өкмөттөр жана демөөрчүлөр тарабынан жардамдар көрсөтүлдү», - деди акимдин орун басары Токтобүбү Ракинбаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×