Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 12.08.2019 16:33 На русском

Союз учурунда Чүйдөгү эң бай айылдардын бири болгон Эфироностогу бүгүнкү жашоо

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районундагы Эфиронос айылы Курама айыл аймагында жайгашкан. Калкынын саны миңге жакын айылда 120дан ашык түтүн бар. Эли мал жана дыйкан чарба менен эмгектенишет.

Айылдын 72 жаштагы тургуну Борончу Кулмановдун айтымында, союз учурунда Эфиронос айылы райондун экономикасын өнүктүрүүдө кирешелүү аймакка айланган. Анда май чыгаруучу завод иштеп, жумуш орундар түзүлгөн. Райондун аймагында шалфей, роза гүлү, жалбыз жана ажгон өсүмдүктөрү өстүрүлүп, андан Эфиронос айылындагы заводдон май чыгарылган. Ошондон улам эфир деген сөздөн айыл Эфиронос деп аталган.

«Беш жашымдан бери айылда жетилдим. Бир убакта көп кабаттуу үйлөр болгон. Анда жеке үй курууга жер тилкеси да жетишсиз эле. Калк чакан аймакка жыш отурукташып, колхоз өндүргөн шалфей, роза гүлү жана башка өсүмдүктөрдү заводго ташып, андан май чыгаруу менен алектенген. Айыл чарба жумуштары менен катар мал чарбачылыгын да өнүктүрүшкөн. Айыл айланасы гүл жыттанып турчу. Союз ураганда айылга өзүнүн терс таасирин тийгизди. Завод токтоду. Көп кабаттуу үйлөр бузулуп сатылды. Жергиликтүү жашоочулар завод бузулуп жатканда каршы чыкканбыз. Үнүбүздү эч ким уккан жок. Чиновниктер элди чырылдатып эле басып кетишкен. Эми айылдын инфраструктурасы көңүлгө төп келбейт. Бизде таза суу, мектеп, бала бакча жана жол көйгөйлөрү чечилбей келет. Ушул учурга чейин айылдык байланыш түйүнүнүн (почтанын) туруктуу жайы жок. Бирде чакан ФАПтын имаратына, бирде үйгө көчүп келет. Түшүнүксүз... Ал эми мектебибиздин окуу корпусу талапка жооп бербейт. Бала бакча оңдоодон өткөрүлүп, бирок кара кулпу кайтарып калган. Себеби, эмеректер жок дешет. Суу маселеси да көйгөйлүү. Жер алдынан 150-200 метр тереңдиктен сордурулуп чыгарылат. Ал күнүнө 2 саат гана берилет. Анткени, электр энергиясы үнөмдөлөт экен. Жеткени сууну алат, кечиккени калат. Жолубуздун бир бөлүгүндөгү асфальт талкаланган, бир жеринде чаңы сапырылган», - деди айыл тургуну Б.Кулманов.

Бул ойду Панфилов районунун ардактуу атуулу, 69 жаштагы чебер эне Алымкан Асанбекова төмөндөгүдөй улады.

«Менин 5 балам, 20 неберем, 5 чөбөрөм бар. Балалыктан башталган өмүрүм ушул айылда өтүп келет. Тээ жаш мезгилибизден бери эле шалфей өсүмдүгүн жакшы билебиз. Биз анда иштеп да жүрдүк. 1 тонна шалфейден 1 кг май өндүрүлчү. Заводдон иштелип чыккан суу гүл жыттанчу эле. Элдер ага жуунчу. Башка жерден да көп келишчү. Көрсө, ал муун ооруларына дарылык касиети өзгөчө болгон экен. Дарылар көп учурда өсүмдүктөрдөн алынат эмеспи. Шалфейдин касиети өзгөчө эле. Ал парфюмериялык жумуштарда да кеңири колдонулат. Эми бул өсүмдүк да жергебизде акырындап азайып баратат. Анда биз жашообузду шалфейсиз элестете алучу эмеспиз. Азыркы жаштар билбей калышты.

Эфиронос айылыбыз жөнүндө сөз болгондо шалфейди айтпай кетүү мүмкүн эмес. Анткени, айылда, деги эле райондо эң көп өстүрүлгөн ушул өсүмдүк болгон. Биздин жер шартыбызга, климатка төп келип, түшүмдүүлүгү жогору болгон. Бүгүнкү күндө айыл чарбасын өнүктүрүүдө бул багытта жетекчилер ойлонуп көрсө али кеч эмес. Биздин айылыбыздын тарыхы ошол эфир майларына байланышкан таржымалдуу аймак. Учурда жергиликтүү жашоочулар негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен күн кечирип келишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×