Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуАламүдүн району 10.08.2019 11:25

Ала-Арча коругуна барган австриялык турист аялдын буту сынды

Turmush -  Ала-Арча коругунда бутун сындырып алган австриялык турист аялга куткаруучулар жардам берди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-августта Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча коругуна Австрия өлкөсүнөн келген туристтер эс алганы барышкан.

«Тоого чыгып бараткан учурда 1954-жылы туулган аял киши бутун сындырып алган. Жанындагы туристтик компаниянын жол көрсөтүүчүсү ӨКМден саат 14:39да жабыркаган жаранды тоодон түшүрүп берүүнү суранган.

Куткаруучулар жерине барып, саат 17:47де жабыркаган аялды тоодон түшүрүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы канааттандырарлык», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×