Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусу, Токмок 09.08.2019 13:03

Токмок шаарында 20 гектар аянттагы куураган чөп өрттөнүп кетти

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Токмок шаарынын Токтогул көчөсүндөгү мүрзөнүн аймагында 20 гектар аянттагы куураган чөп күйдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта ӨКМден билдиришти.

Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында ачык аянтта 12 гектардагы куураган чөп жана чабылган арпанын орду өрттөндү.

Аламүдүндүн Заречный айылында 2 гектардагы куураган чөп күйдү.

Сокулук районунун Шалта айылында 15 гектардагы чабылган арпанын орду өрттөндү.

Сокулук районунун Кара-Сакал айылында 3 гектардагы куураган чөп күйүп кетти.

Кемин районунун Ак-Бекет айылындагы мектептин аймагында 1 гектардагы куураган чөп күйгөн.

Панфилов районунун Кайыңды шаарында 2 гектардагы куураган чөп өрттөндү. Учурда бул кырсыктардын себептери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×