Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусу, Кара-Балта 06.08.2019 15:30

Сүрөт — Кыргызстандык окуучу Москва шаарын романс менен багынтты

Turmush -  Кара-Балта шаарынын кичинекей тургуну Москва шаарын романс менен багынтты.

Turmush басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, Белек Муктарбеков биринчи жолу «Соловушки» ансамблине 6 жашында келген.

«Анын үнү өтө жакшы. Музыкага, ырга болгон сүйүүсү, музыкалык мектепте окуп, өжөрлүгү, тырышчаактыгы менен жакшы жыйынтык көрсө алды», - дейт «Соловушки» ансамблинин башчысы Тамара Рублинская.

Белек — бир нече жолку облустук, республикалык, эл аралык сынактардын лауреаты жана баш байгенин ээси.

2017-жылы «Москва досторун тосот» аттуу эл аралык фестивалга Кыргызстандан жалгыз өкүл катары чакырылган. Ал эми 2018-жылдын октябрында эл аралык «Романсиада» сынагында 1-орунду багынткан.

Ал калыстар тобунун төрайымы, Орусиянын эмгек сиңирген актрисасы Галина Преображенский тарабынан Москва шаарында боло турган гала-концерке чакырылган. Бул концертке ар кайсы өлкөнүн жеңүүчүлөрү катышкан. «Дүйнөнүн жаш таланттары» аттуу гала-концерт ушул жылдын апрель айында өткөн.

Москва шаарындагы Кремль сарайында 11 жаштагы Белек Людмила Зыкина атындагы «Россия» мамлекттик орус эл ансамблинин коштоосунда чыккан. Ошондой эле ал Кыргызстанда өткөн «Надежда Романсиады» аттуу сынакка катышып, жеңишке жеткен. Анда А.Дюбюктун «Улица, улица» чыгармасын аткарып, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынган.

Белек Муктарбеков — «Соловушки» ансамблинин солисти, «Мен кыргызстандыкмын, аны менен сыймыктанам» аттуу сынагынын лауреаты, «Ысык-Көл толкуну» эл аралык фестивалынын лауреаты.

Учурда кыргыз, орус, неаполитан тилдеринде ырлары бар. Вокалдан сырткары, комуз чертүүнү үйрөнүү менен алектенет. Ленин атындагы маданият үйүндө театр оюндарын ойнойт. Жаш талант фортепиано жана гитарада ойноону пландап жатат. Келечекте ырчы болууну каалайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×