Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 01.08.2019 15:43

Аламүдүндөгү 235 өспүрүм Ысык-Көлдө эс алып жатат

Turmush -  Чүй облусунун Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын демилгеси менен жыл сайын Ысык-Көлдө балдардын жайкы эс алуу лагери уюштурулуп келет.

Аламүдүн райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын адистеринин билдиргенине караганда, Аламүдүн районундагы каражаты жетишсиз, ден соолугуна байланыштуу Ысык-Көлдө эс алууга муктаж жеткинчектер жиберилүүдө. Өспүрүмдөрдүн он күндүк эс алуусу демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Быйыл Аламүдүндөгү 235 өспүрүм Ысык-Көлдө эс алууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×