Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуАламүдүн району 01.08.2019 13:02

Аламүдүндө 10 гектар талаа өрттөнүп, сазга тыгылып калган уй кошо күйүп кетти. Сүрөт

Turmush -  Аламүдүн районунун Васильевка айылында 10 гектар аянттагы чабылган арпанын орду жана уй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта ӨКМден билдиришти.

Ал эми күбөлөрдүн айтымында, уй сазга тыгылып, чыга албай жаткан учурда айланасындагы арпа өрттөнүп кеткен.

«Уй саздан чыга албай калыптыр. Тегерегиндеги орулган арпа толугу менен күйгөндө уй кошо күйүп кетиптир», - деди алар.

Мындан тышкары Ысык-Ата районунун Алмалуу айылынын Узун-Кыр тоосунда 6 гектардагы куураган чөп күйдү.

Панфилов районунун Чалдовар айылында 4500 чарчы метр аянттагы куураган чөп өрттөнгөн. Учурда кырсыктардын себептери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×