Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусуПанфилов району 31.07.2019 12:02

Чүй облусунун айылдарында 18 гектардан ашык аянттагы чөп өрттөнүп кетти

Өрт. Иллюстрациялык сүрөт
Өрт. Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Панфилов районунун Панфилов айылындагы талаада 50 сотых эгин талаанын орду жана 1,5 гектар аянттагы куураган чөп өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, мындан тышкары Панфилов айылынын Осмонкулов көчөсүндө ачык аянтта 2 гектардагы куураган чөп күйүп кетти.

Ысык-Ата районунун Ивановка айылында ачык аянттагы 1 гектар куураган чөп өрттөндү.

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 103-чакырымында (Кемин району) ачык аянтта 5 гектардагы куураган чөп күйдү.

Сокулук районунун Төш-Булак айылындагы эгин талаанын 4 гектар чабылган орду күйүп кетти.

Аламүдүн районунун Учкун-2 конушунда 5 гектар арпа талаанын чабылган орду өрттөнгөн. Учурда аталган кырсыктардын себептери такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×