Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусу, Кара-Балта 30.07.2019 10:20 На русском

Иштен айдалган чиновник 1,4 млн сом алышы мүмкүн

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Балта шаарынын мэриясынан мыйзамсыз иштен бошогондугу үчүн 1 млн сом алган чиновник эмгек акысын алуу боюнча соттук ишти утуп алды.

Turmush басылмасына маалым болгондой, 10-июлда Чүй облустук соту жумуштан мыйзамсыз бошотулган мамлекеттик кызматкердин 323,5 миң сом өлчөмүндөгү эмгек акысын жана мамлекеттин пайдасына эки эсе өлчөмдө мамлекеттик алымды (ишти райондук сотто кароо үчүн 12 миң сом, облустук сотто 6 миң сом) Кара-Балта шаарынын мэриясынын атынан чыккан жоопкерден төлөтүп алуу боюнча чечимин чыгарды.

1968-жылы туулган Темир (аты өзгөртүлдү) 2012-жылдын 25-июлунан тартып Кара-Балта шаарынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп баштаган. 2014-жылы 30-апрелде анын эмгек келишими токтотулган. Андан кийин Темир бул чечимге даттанган. Соттук процесс эки жылдай созулуп, иш Жогорку сотко чейин жеткен. Ал жерден 2016-жылы 17-ноябрда Темирди кайра кызматына дайындоо жана анын жумуштан алынышын мыйзамсыз деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Жогорку соттун бул чечиминин кабыл алынганына 3 жылдай өттү, бирок мурунку жетекчи кызмат ордуна келген эмес. Мындан улам Темир ишке аргасыз чыкпагандыгы үчүн эмгек акыны төлөтүү боюнча сотко кайрадан кайрылган.

Соттун токтому чыккандан бери муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп 5тен ашык адам иштеген. Бүгүнкү күндө аталган орун бош турат. Бирок буга карабастан мэриянын жетекчилиги Жогорку соттун чечимин аткаруудан баш тартып келет. Темирдин пикиринде, мындай көрүнүш соттук чечимдин натыйжалуулугун төмөндөтөт, сот адилеттигинин жалпы принциптерине карама-каршы келет жана сот өндүрүшүнүн акыркы максатына жетпейт.

Эки соттук процесстердин жүрүшүндө Темир мэриянын өкүлдөрүнө эгер анын мурунку кызмат ордун калыбына келтирсе, доо-талаптардан баш тарта тургандыгын билдирген. Бирок бул аткарылган эмес. Мэриядан Темирдин пайдасына өндүрүлгөн (мыйзамсыз жумуштан алынышы жана ишке аргасыз чыкпагандыгы үчүн) каражат 1,4 млн сомду түзгөн. Мындан тышкары 100 миң сом сот аткаруучуларга эмгек акыны мажбурлап төлөтүү үчүн берилген. Бул каражаттар шаардык бюджеттен, тактап айтканда салык төлөөчүлөрдүн эсебинен төлөнгөн. Бирок муну менен иш токтоп калбарын айткан доогер сот аркылуу чындык үчүн күрөшүн улантарын билдирди.

1 млн сом кайдан келип чыкты?

Кара-Балта шаарынын мэриясы Темирдин пайдасына:

- ишке аргасыз чыкпагандыгы үчүн — 954 миң 281 сом;

- эмгек китепчесин бербей, кечиктиргени үчүн — 20 миң сом;

- жактоочунун кызматы үчүн — 20 миң сом;

- калган сумма — мамлекеттик алымды төлөөгө милдеттендирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×