Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Чүй облусуАламүдүн району 29.07.2019 14:56

Дзюдочу Муса Шабданбеков Азия жана Океания чемпионатында коло тагынды

Turmush -  Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу айылындагы Кашка-Суу орто мектебинин 11-классынын окуучусу Муса Шабданбеков өспүрүмдөр арасында Кытайдын Тайбэй шаарында өтүп жаткан Азия жана Океания чемпионатында дзюдо боюнча коло медаль тагынды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Жаш спортчу бул мелдешке 50 кг салмакта чыгып, коло медаль үчүн моңголиялык спортчу менен беттешкен.

Дзюдо боюнча мелдешке Кыргызстандын спортчуларын башкы машыктыруучу Ислам Баялинов жетектеп барган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×