Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 14-октябрь
Чүй облусу, Токмок 29.07.2019 14:34

Токмокто асма көпүрө курулуп жатат

Turmush -  Токмок шаарындагы Дача айылы айланма жолдун аркы өйүзүндө орун алган. Былтыркы жылы ушул жолдон башталгыч класстын окуучусу жол кырсыгына кабылып каза болгон. Мэриянын жана жергиликтүү тургундардын кайрылуусу менен республикалык бюджеттен акча каражаты каралып, аталган жолго асма көпүрө курулуп жатат.

Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиевдин айтымында, бул иштер жашоочулардын жана окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында жасалууда.

Бул жер айыл макамын ала элек. Бирок жергиликтүүлөр Дача айылы деп атап алышкан. Айрымдар Дачалык шаарча деп да атап жүрүшөт. Анда болжол менен 2 миңге чукул киши жашап, Токмок шаарынын борборунан алыс жайгашкан.

Жашоочулардын көпчүлүгүнүн мектепте окуган балдары бар. Алар күн сайын өтө кооптуу жол менен мектепке катташат. Тактап айтканда, окуучулар мектепке баруу үчүн алгач аталган чоӊ жолду басып өтүү керек. Бул жолдо унаалар катуу ылдамдык менен өтүшөт. Андан соӊ Быстротоктон өтүшөт. Бул жердеги көпүрө мындан 10 жыл мурун курулган.

№34 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери Аширбек Жекшембиевдин айтымында, аталган жайга жер астынан же жер үстүнөн жол куруу варианттары каралган. Көп талкуудан кийин жер үстүнөн көпүрө курууну эп көрүшкөн.

Көпүрөнүн бийиктиги 24 метрди түзөт. Ага республикалык бюджеттен 13 млн сом каралган. Жумуштун 50 пайызы аткарылып, аталган унаа жолдон автоунаалардын агымы көп болгондугуна байланыштуу калган жумуштар сентябрь айына чейин токтотулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×