Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусуСокулук району 26.07.2019 14:41 На русском

Жумгалдан келген мас абалдагы чоң апа менен 5 жаштагы кыздын окуясы

Turmush -  Чүй облусунун милициясы Сокулук айылындагы көчөдө мас абалда жаткан аялдын жанынан 5-6 жаштагы кызды табышкан.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 25-июлда болжол менен саат 8:00 чамасында 5 жаштагы кыз Сокулук РИИБге жеткирилген. Өспүрүмдөр менен иштешүү инспекциясынын кызматкерлери кызга психологиялык жардам көрсөтүү үчүн үй-бүлө жана балдарды коргоо борборунун психологдорун чакырган.

Кыздын жашоо шартынын абалы каралып, өздүгү такталганга чейин Чүй облусунун аймактык ооруканасынын балдар бөлүмүнө убактылуу жайгаштырылган. Аталган факт боюнча тактоо иштери улантылып жатат.

Ал эми Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, учурда Сокулук РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы жана айыл аймактагы социалдык кызматкерлер менен биргеликте «Өспүрүм» аталышындагы рейд өткөрүп жатат. Ушул рейддин алкагында аталган кыз табылган.

«Чоӊ апа Жумгал районунан Сокулук районундагы баласына келиптир. Биз бул апанын өздүгүн аныктап, туугандарын табууга аракет кылдык. Бирок Сокулуктагы баласын тапкан жокпуз. Бишкекте баласы бар экен, аны таап чакырттык. Ага чейин тез жардам чакыртып, апаны дарыгерлерге өткөрдүк. Кыз болсо балдар бөлүмүнө тапшырылды. Кыздын жашоо шарты каралгыча аталган бөлүмдө болуп турат. Сокулукта жаӊы ачылган балдарга жардам берүү борборуна кызды алып барып, аны менен психолог сүйлөштү», - деп билдиришти аталган түзүмдөн.

Ал эми күбөлөр көчөдө жаткан кыз менен чоң апа тууралуу дароо тиешелүү жактарга маалымат беришкен.

«Кыз менен апа көчөдө түнөптүр. Биз аларды көрүп калып, социалдык кызматкерлерге кабар бердик. Биздин угушубузга караганда, кыздын өзүнүн апасы башка турмуш куруп кеткен экен. Ал апасын өмүрү көргөн эмес окшойт. Ачка болуп калыптыр. Сокулук райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, милиция кызматкерлери келип жардам беришти. Бирок апанын документтери жок, анын өздүгүн аныктоо бир аз кыйынга турду окшойт. Жанында телефон номур жазылган кагаз бар экен. Ошол аркылуу балдарын табышты», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×