Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 21.09.2019 18:12

Эл ичи — өнөр кенчи: Эстелик жасап саткан Максатбектин эмгектери (сүрөт)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Бак айылынын 20 жаштагы тургуну Максатбек Элчибеков сүрөттөрдү тартып, эстеликтерди жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, сүрөт тартууга бала кезинен эле кызыгат.

«Сүрөт тартууга болгон кызыгуум эс тартып, мектепке барган учурдан эле башталды. Алгач сүрөт сабагынан тапшырмаларды аткарып тарта баштагам. Кийинчерээк башка сабактарга караганда сүрөт сабагына болгон кызыгуум артып, жан дүйнөмө жакын боло баштады. Алгач классыбыздын мыкты сүрөтчүсү болдум. Чоңойгон сайын мектеп ичинде атым чыга баштады. Ата-энем сүрөткө болгон кызыгуумду байкап, 7-классты аяктаган соң Баткен облусундагы Тургунбай Садыков атындагы көркөм-сүрөт мектебине алып барды. Ал жакта 2 жыл билим алган соң көркөм сүрөт колледжинин скульптура бөлүмүнө бардым. Колледжде 3 жыл окуп, скульптор жана сүрөтчүнүн дипломун алдым.

Окуп жаткан учурда эле сүрөт тартып кошумча акча таап, өзүмдүн керектөөлөрүмө жумшачумун. Сабактан соң буйрутма алып, 350-500 сомго чейинки портреттерди тарттым. Колледжди аяктаганда сүрөт жаатында билимимди тереңдетүү максатында академияга бардым. Бүгүнкү күндө сабактан сырткары ар кандай буйрутмаларды алып иштеп жатам. Буйрутма бергендердин саны көп.

Кошуна Казакстандын Алмата шаарына атайын чакыруу менен барып, бир катар эстеликтерди жасадым. Эстеликтерди жасатуу үчүн Ысык-Көл облусуна бат-бат чакыруу болуп турат. Келечекте атагы алыска кеткен сүрөтчү, скульптор болгум келет», - деди ал.

Кол өнөрчү жигит 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×