Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусу, Кант 21.07.2019 21:06

Кантта көп балалуу үй-бүлөнү эл аралык торт күнү менен куттукташты

Turmush -  «Кант» авиабазасынын кызматкерлери баатыр эне Сауле Кенченбаеванын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, кызматкерлер 20-июнь — эл аралык торт күнүнө карата бул үй-бүлөгө таттууларды, азык-түлүк жана кийим-кече алып барып беришти.

Сауле Кенченбаева балдарынын бири Азамат жакында эле аскердик милдетин аткарып келип, апасынын көптөн күткөн кыялын орундатып, жаӊы үй куруп жатканын кабарлады.

Көп балалуу эне келген конокторго ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×