Бөлүмдөр
Жума, 18-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 17.07.2019 16:35

Чүйдүн 5 районунда 13 гектар аянттагы куураган чөп өрттөнүп кетти

Өрт. Иллюстрациялык сүрөт
Өрт. Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кемин районунда ачык аянтта 2 гектардагы куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Панфилов районунун Каптал-Арык айылында 4 гектардагы чөп өрттөндү.

Жайыл районунун Орто-Суу айылында 2 гектар аянттагы куураган чөп күйдү.

Аламүдүн районунун Байтик айылында 3 гектар аянттагы куураган чөп өрттөндү.

Чүй районунун Кегети айылында 2 гектардагы куураган чөп, 2 тонна кык күйгөн. Учурда аталган кырсыктардын себептери такталууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×