Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 17.07.2019 10:53

Ысык-Атада дыйкандарга айыл чарба техникаларынын сертификаттары тапшырылды

Turmush -  Кечээ, 16-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда республикалык семинар болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте уюштурган семинар Люксембург айыл аймагындагы «Тазажан» үрөнчүлүк кооперативинин эгин талаасында өткөн.

«Жогорку түшүмдүү буудайдын жаңы сортторун, жүгөрүнүн гибриддерин республикабыздын аймактарында жайылтуу менен майда үрөн чарбаларын ирилештирүү жана сууну үнөмдүү пайдаланууда алдыңкы инновациялык технологияларды колдонуу» аталышындагы бул республикалык семинардын алкагында өкмөт башчы «Тазажан» үрөнчүлүк кооперативинин эгин талаасында эгилген жогорку сорттогу буудайды оруп-жыюунун жүрүшү, жүгөрүнүн ладожск гибридин тамчылатып сугаруу системасы менен таанышты. Мындан тышкары ал дан өсүмдүктөрүнүн сапатын жакшыртуу, жергиликтүү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн өнүктүрүү, көп жылдык чөп жана чанактуу өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн жакшыртуу, топурактын агрохимиялык анализи, өсүмдүктөрдү өстүрүүдө биологиялык препараттардын натыйжалуулугу боюнча жана башка көргөзмө материалдар менен кеңири таанышты.

М.Абылгазиев лизинг аркылуу берилүүчү дан жыйноочу комбайндын жана трактордун сертификаттарын дыйкандарга тапшырды. Ошондой эле өкмөт башчы семинардын алкагында дыйкандардын суроолоруна жооп берип, айыл чарба жаатындагы көйгөйлүү маселелерди жакшыртуу боюнча кеп козгоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×