Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Чүй облусу, Токмок 15.07.2019 15:44

Мал базардагы жаңжал же касташкан адамдан өч алуу

Turmush -  Бүгүн, 15-июлда Токмок шаардык сотунун алдына жүздөй адам чогулуп, милиция кызматкерлерине нааразычылыгын билдиришти.

Алар милиция кызматкерлери мал базардагы жаңжалга байланыштуу ишти калыс карабай жатканын айтууда.

«Токмок ШИИБ ишти карабай, тескерисинче күнөөсү жок балдарды камады. Таяк жеген бала үйүндө майып болуп жатат. Аны токмоктогон бала шаардык ооруканада эс алып жүрөт. Бул кандай? Биздин жактоочуларды ШИИБге киргизбейт. Ошондуктан эл чогулду. Бишкектен, Чүй ОИИБден жетекчилер келип, маселени оңунан чечип беребиз деп сөз беришти. Мындай баш аламандык боло берсе, биз дагы чыгабыз.

Элге жардам бербей эле алардын баарын камап жатышат. Эл Токмоктун милициясынан коркуп калган. Арыз жазса, аны карабайт же болбосо шектүү тараптын акчасын алып, ишти бүтүрүүгө аракет кылышат. Акырында жабырлануучунун өзүнө күнөөнү буруп, коркута башташат», - деди Данияр Дыйканбаев.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылы 26-августта болжол менен саат 08:00 чамасында 1988-жылы туулган Т.Ж. Токмок шаарынын мал базарынын түндүк тарабында жайгашкан кире беришинде 1988-жылы туулган С.Ж. менен мурун касташып келген Ж.Т.нын (1982-жылы туулган) өмүрүнө кол салуу максатында кылмыштуу макулдашууга барган. Андан соң коомдук тартипти, жалпы жүрүм-турумдун нормаларын одоно бузуп, жаңжал чыгарган. Ошол маалда Ж.Т.нын курсак тарабына бир жолу бычак сайып, андан кийин окуя болгон жерден С.Ж. менен белгисиз тарапка качып кеткен.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында ден соолукка оор залал келтирилген деген бүтүм чыккан. Аталган факт боюнча Токмок ШИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери боюнча (эски мыйзам) кылмыш ишин козгогон болчу.

Тергөөнүн жүрүшүндө Т.Ж. аталган беренелер боюнча айыпталып, Токмок шаардык соту тарабынан камакка алуу чечими чыккан, ошондой эле шектүүгө издөө жарыяланган.

Тиешелүү иш-чаралардын негизинде Т.Ж.нын шериги С.Ж. Кылмыш процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, Токмок шаардык прокуратурасы камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бирок Токмок шаардык соту тарабынан аталган өтүнүч четке кагылып, шектүү үй камагына чыгарылган. Андан кийин Чүй ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан изделип жаткан Т.Ж. да Кылмыш процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, Токмок шаардык прокуратурасы камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Бирок Токмок шаардык соту тарабынан аталган өтүнүч четке кагылып, шектүү үй камагына чыгарылган.

Бул кылмыш боюнча тергөө иштери аяктап, бардык материалдар Токмок шаардык сотко жөнөтүлгөн болчу.

2019-жылы 1-июлда Токмок шаардык соту соттук отурумду дайындоодо тоскоолдуктарды четтетүү максатында ишти кайра прокуратурага жиберген.

Азыркы тапта аталган кылмыш иш Токмок ШИИБдин тергөө кызматынын өндүрүшүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×