Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Чүй облусуЖайыл району 13.07.2019 16:40

Чүйдөгү чек арадан өрдөктүн мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 тонна эти табылды

Turmush -  10-июлда «Чалдыбар» чек ара пунктунан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 20 тонна эт табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган пункттан жүк ташуучу «Вольво» үлгүсүндөгү унаа текшерилген. Анда уруксат кагаздары жок 20 тонна өрдөк эти жүктөлүп келе жатканы аныкталган. Жүктү алып өтүүгө аракет кылууга шектелип Казакстандын 1985-жылы туулган жараны Т.Р. кармалды. Ал салык кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×