Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуМосква району 13.07.2019 12:00

Чүйдөгү абакка 3 кг ашык баңгизат жеткирүүгө аракет кылган жигит кармалды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 13-июлда түнкү саат 01:25 чамасында Москва районунун Петровка айылындагы абакка баңгизат ыргытууга аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ЖАМКтын кызматкерлери баңгизат ыргытууга аракет кылган 25 жаштагы А.А.ны абактын дубалынын жанынан кармашты. Аны текшерүү учурунда жанынан скотчко оролгон 3 кг 395 гр салмактагы гашиш табылды. Учурда аталган факты боюнча экспертиза дайындалып, Жазык кодексинин 267-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иш козголду. Кармалган жигит камакка алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×