Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусуЧүй району 22.06.2019 18:10

Чүйдө бөтөлкөлөшүн бычак менен сайып жиберген 59 жаштагы адам кармалды

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Чүй районунунда адамга бычак менен оор жаракат келтирүүгө шектелип 59 жаштагы И.Т. аттуу адам кармалды. Бул тууралуу кечээ, 21-июнда Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга аймактык ооруканага бычактан жаракат алган адам түшкөндөгү боюнча маалымат кабарланган. Иликтөөчү топ жаракат алган адам Чүй районунун Искра айылынын 48 жаштагы тургуну С.С. экендигин аныкташкан. Анын курсагына 2 жолу бычак сайылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө аны бычак сайып салууга шектелип 59 жаштагы И.Т. кармалып, камакка алынды.

Жабырлануучунун айтымында, шектүү экөө ичимдик ичип отуруп чырдаша кетишкен. Ошол учурда И.Т. бычакты ала калып аны сайып жиберген.

Учурда тиешелүү эскпертизалар дайындалып, иликтөө иштери улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×