Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Чүй облусуЧүй району 19.06.2019 13:50 На русском

Буранада бир жылдан бери ичимдик сатылбайт. Айылда эмне өзгөрдү?

Turmush -  Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Бурана айылында бир жыл мурун спирт ичимдигин сатууга тыюу салуу боюнча жашоочулар тарабынан демилге көтөрүлүп, атайын устав кабыл алынган. Бүгүн Буранада сырадан башка бир дагы спирт ичимдиктери сатылбайт. Бир жылда айыл элинде кандай өзгөрүүлөр болду?

Айыл тургуну Туратбек уулу Алишердин айтымында, айыл боюнча 3 дүкөн иштейт. Элетте мас болуп жүргөн адамдын саны кескин азайган.

«2018-жылдын август айында айылдын аксакалдары тарабынан дүкөндөрдө спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салуу демилгеси көтөрүлүп, ал айылдын жашоочулары тарабынан колдоого алынган. Дүкөндөрдүн ээлери каршы болушкан жок. Аларга дүкөндө калган спирт ичимдиктерин сатып бүтүүгө бир ай убакыт берилип, андан кийин сатпоо тууралуу устав кабыл алынган. Эгерде, кайрадан сата баштаса 5000 сом айып пул салынып, айылдын мечитине төгө турган болушкан.

Бүгүнкү күндө айылда 3 дүкөн бар. Аларда сырадан башка спирт ичимдиктери сатылбайт. Спирт ичимдигин ичкен адамдардын саны кескин азайды. Баштагыдай эртели-кеч дүкөндүн түбүндө бири-биринен арак үмүтөтүп отургандар жок деп ишенимдүү айта алам», - деди ал.

Чүй районунун Бурана айылында 130-140 түтүн, 800гө жакын адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×