Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусу, Кант 14.06.2019 09:42 На русском

Өспүрүмдөр эрки менен кумарын кандырганбы же кыз зордукталганбы? Алардын жакындары үн катты

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кант шаарында 14 жаштагы бала 13 жаштагы кызды зордуктаган деп шектелип жатат. Учурда шектүү изделүүдө.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 27-майында Ысык-Ата РИИБге 50 жаштагы А.М. аттуу аял кайрылып, 13 жаштагы жээнин 14 жаштагы бала физикалык күч колдонуп зордуктагандыгын билдирген. Аталган факт Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштерди башталган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында жашы жете элек А.Ж.нын кыз белгиси бузулганы аныкталган.

«Жашы жете элек А.Ж.нын денесине жана кийимдерине кароо жүргүзгөн маалда күч колдонуунун белгилери табылган эмес жана кийимдери толук, бүтүн болгон», - деп билдиришти милициядан.

3-июнда Ысык-Ата РИИБге 42 жаштагы А.Г. кайрылып, 2-июнда болжол менен саат 06:30да 14 жаштагы уулу А.А. (шектүү) үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келбегендигин жана кат таштап кеткендигин билдирген. Аталган факт дагы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда аталган баланы издөө иштери жүрүп жатат. Бул окуя Чүй ОИИББдин көзөмөлүнө алынды.

Акыркы чечим экспертизанын жыйынтыгынан кийин чыгат.

Ал эми аймактык кабарчы кыздын жеңеси менен байланышканда ал тергөөчүлөргө нааразы экенин билдирди.

«Бул менин күйөөмдүн карындашынын кызы. 3 жылдан бери биздин колубузда окуйт. 27-майда сынак тапшырып, паркка барып отурушуптур. Кызыбыз орозо кармаган болчу. Ал парктан чыгып, үйдү көздөй жөнөйт. Ошондо тиги бала артынан кууп жетип, «жүрү, экскурсия кылабыз, Кантты көрсөтөм» дептир. Бул кыз аябай жоош. Бала колунан күчкө салып жетелеп, Канттын четине алып барып зордуктаптыр. Биз ошол күнү эле РИИБге барып, экспертизадан өткөрдүк. Түнкү саат 02:00гө чейин РИИБде жүрүп келдик.

6-июнда РИИБге барсак, саат 14:00гө келгиле дешти. Кыздын апасы, кыз өзү дагы келсин деген. Айткан убакытта барганда тергөөчү «экөө жыныстык катнашта болгону чын, бирок зордуктоо болгон эмес. Кийими бүтүн, таза. Мындайда кылмыш иш козголбойт, мыйзам жол бербейт» деди. Жаш кызды алдап, андан кийин зордуктап, жасаган иши үчүн жоопко тартылбай жүрө берсе болот экен. Биз ушуга нааразыбыз. Булар баланы качырып, анын тарабында болуп жатышат.

Саат 14:00дө бизден тышкары ал баланын эжеси келди. Ал биздин кызды «бери отур, эмне болгонун айтып бер» деп кекете баштады. Мен ошол жерден «эмнеге минтип сүйлөп жатасың. Бул жакта сенден улуу кишилер да отурат» дедим. Жолдошум тергөөчүгө «прокуратурага барабыз» десе, ал «биз өзүбүз чечебиз» деп койду. Биз болбой эле прокуратурага барып, «иш козголбой жатат, баланы качырып жиберишти» деп арыз жаздык. Бизге алар бир күндөн кийин келгиле деп айтышты. Ошентип айткан күнү барсак, бизди кабыл алган прокуратура кызматкери эмес башка кызматкер чыгып, тергөөчүнүн сөзүн кайталап айтты. Биздин кызыбыздын денесинде көк ала жок экен.

Кызыбыз болсо «бала күч менен үстүмдөн басып жатып алды» деди. Окуя болгон жерге да бардык. Бала кызды ал жерге атайын башка жол менен алып барган экен. Кыз шаардын тегерек-четин жакшы билчү эмес. Иш бүткөндөн кийин кечирим сурап, «ата-энеңе айтпай эле кой, үйгө барганда жуунуп кой» дептир. Демек мунун баарын билген бала биринчи жолу мындай ишти жасап жаткан жок. Биз кызыбыз кечиккендиктен ызы-чуу болуп издеп жатканбыз. Бир маалда ал келип, дааратканага кирип чыкты. Аны менен тең кызым бар. Кызым орус класста окуса, ал кызыбыз кыргыз класста окуйт. Кызыма «мени кылып койду» деп ыйлап айтыптыр. Ошентип биз дагы уктук. Ошол жерден эле РИИБге бардык. Барсак ыкчам топ бизди күтүп туруптур. Алар каяктан угушканын билбейбиз», - деди ал.

Баланын атасы: «Эмне деп айтарымды да билбей калдым. Мындай окуянын болуп кеткенине түшүнбөй турам. Баламды издөөгө бердик. Анын каякта экенин билбей жатабыз. Билсем алып келип, эмне болгонун сурайт элем. Азыр мага бардык нерсе караңгы болуп турат. Кыз менен сүйлөшүп жүргөнүн билген эмеспиз. Классташтарынан сурасам экөө классташ, дос катары эле сүйлөшчү деп айтышууда. Балам мектепке барганы эле болбосо, үйдөн чыкчу эмес. Катында «биз экөөбүз ойлогондой болбой калды» деп жазыптыр. Аны окуп дагы эч нерсеге түшүнбөй жатам. Деги эле азыркы жаштарга түшүнбөй турам», - деди.

--------------------------------------------------------------------------

Кант шаарында 13 жаштагы кыз зордукталгандыгын аймактык кабарчыга өздүк булактар билдиришкен.

Окуя ушул жылдын май айынын аяк ченинде болгон. Аталган кыз мектептеги акыркы сынактарын тапшырып, парктардын бирине сейилдөөгө барган. Ал жерден таанышына (14 жаштагы бала) жолугуп калган. Ал кызга кооз жерлерди көрсөтөм деп, парктан алысыраак жерге алып барып зордуктаган.

Бул маалыматты кыз билим алган мектептеги мугалимдер тастыкташты.

«27-май күнү саат 14:00дө класс жетекчиси WhatsApp'тагы тайпага "сынак бүттү, балдарыңар кетти" деп ата-энелерине жазган. Биздин мектеп парктын жанында жайгашкан. Кыз менен бала жетелешип алып кеткен экен. Канттын четине барып, жанакындай окуя болуптур. Экөө классташ.

Бала 5 бир тууган. Ата-энеси менен жашайт. Бизге 3-классынан келген. Батирде турушат. Ата-энеси дин жолунда жүргөн адамдар. Класста орто окуса да активдүү бала.

Кыз 4 бир тууган. Жоош, көп сүйлөбөйт. Дос кыздары да аз. Оюндагысын айта албайт. Мугалимдерге жазуу түрүндө ойлорун айтат. Сабактарын «3» жана «4» деген баага окуйт. 5-классында башка мектептен келген», - деди мугалимдер.

Ал эми мектептин окуучуларынын айтымында, экөө тең орозо кармашкан.

«Биз сынактан кийин лимонад ичип, алар орозобуз деп ичишкен эмес. Милицияга кыздын жеңеси билдирген. Бизге жеткен маалымат боюнча, экөө кийимдерин чечип, төшөк кылып жатышкан экен. Негизи кыз каршылык көрсөтпөптүр. Экөө сүйлөшүп эле бул ишке барышканы айтылууда. Бала «Биздин сезимибизди ата-энелерибиз түшүнбөй койду. Жакшы калгыла» деген сыяктуу катты таштап, үйүнөн чыгып кетиптир. Кыздын ата-энеси тоодо чабан экен. Кыз жеңесинин колунда окуп жаткан», - деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×