Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-август
Чүй облусуЫсык-Ата району 16.05.2019 19:23 На русском

Ичеги-карыны сыртка чыккыча бычакталган 30 жаштагы Тилектин өлүмү. Окуянын чоо-жайы

Turmush -  Чүй облусунда 2018-жылдын 15-ноябрында 30 жаштагы Тилек Сарыбаев аттуу тургун бычакталып, ооруканада жан берген. Маркумдун жубайы Каныбек кызы Элнура каргашалуу түн тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

Окуя жубайлар жашаган батирдин жанындагы аянтчада болгон.

77777

«Шаарда батирде жашачубуз. Ал күнү жолдошум жумуштан күндөгүдөй эле кечки саат 20:30да келди. Колунда баштык бар экен. Аны кыздарына берип, аларды өөп, кайра эшикке чыгып кеткен. Каякта жүргөнүн билбейм, түнкү саат 23:30 чамасында кайра үйгө келди. Биз «каяктасың?» деп сурайлы десек телефонун үйгө таштап кетиптир. Рамис (аты өзгөртүлдү) деген дос баласы экөө колуна суусундук көтөрүп кирип келишти. Столдун үстүнө суусундугун коюп, кайра эшикке чыгып кетишти. Ошол маалда Рамиске жинденип эле, «эмнеге мени балдарга салып берип, өзүң жашынып калдың?» деп айтканын угуп калдым. Кыздарыбыз уктап калган болчу. Кайын сиңдим сабак окуп жаткан. Көп өтпөй, тактап айтканда 10-15 мүнөттөн кийин жаныбызда жашаган Рамистин аялы кирип келип, «Рамис үйдөн бычак алып кетиптир» деп айтып калды. Аңгычакты анын артынан күйөөсү Рамис бир башкача чуркап келип, биздин эшикти каккылап, андан кийин өзүнүн батиринин эшигин каккылап калды. Биздин батирлер узатасынан салынган. Аялы биздикинен чыгып, «эмне болду, эмне болуп жатасың? Баланын жүрөгүн түшүрөсүң» десе «байкемдерге чал, мен жайлап салдым» деп айта баштады. Мен маани бербей үйгө кирип кеттим. Андан кийин кыздарымдын горшогун тазалаганы дааратканага чыгып, кайра үйгө кирейин деп жатсам кайын сиңдим «жеңе болуңуз, Тилек байкемди сайып кетишиптир» деп айтып калды. «Каякта?» десем, «аянтчада» деди. Аянтча менен үйдүн ортосу жакын эле. Барсак капкараңгы жерде муздап жатыптыр. Курткасын чечип, үстүнө жаап коюшуптур. Ага чейин алдыбыздан Бектур деген киши уулу Адилет (аты өзгөртүлдү) менен чыкты. Кайын сиңдим менден биринчи алдыга чуркап кетти. Ал барса Рамис менин жолдошумду «эсиңе келчи» деп жатыптыр. Кайын сиңдим аны жакадан алып, «эмне кылдың, жооп бересиң» десе, «мен кылган жокмун, баарын түшүндүрүп берем» дептир. «Тилек байке, ким сайды?» деп сураганда, Рамис менен Адилет дептир. Андан кийин оозу кыбырап, жакшы сүйлөй албай коюптур. Мен барганда оор дем алып жатыптыр. Ыйлап эле эмне кыларымды билбей калдым. Артыбыздан Адилет келип, «Тилек байке, эсиңизге келиңиз» деп бир-эки жолу айтып калды. Рамис менен Адилет жанагы Бектур деген кишинин балдары. Бирок Рамис анын бакма уулу.

Кайын сиңдим кол чыракты күйгүзүп, жолдошумду карадык. Анын ичеги-карыны сыртка чыгып калыптыр», - деди ал.

Андан соң тез жардам кызматы келип, Тилек Зарылбаевди ооруканага алып кетишкен. Анын артынан жубайы кайнисинин унаасы менен барган.

«Мамакеев атындагы улуттук хирургиялык борборуна алып барышты. Көп кан кеткен экен, ооруканага барып эле кан издедик. Таң аткандан кийин жолдошумдун каза болгонун уктук. Көрсө эчак эле үзүлгөн экен.

Батирдин жанында эки кабат цех бар. Аны Адилет карайт. Ошол цехтин жанындагы камераны талкалап салышыптыр. Кошуналардын бири аталган күнү Адилеттин да колу кан болчу деп айткан. Демек, бул жерде Адилет да шектүү болуп жатат. Болгону Рамис гана соттолуп, камакка алынды.

Апам экөөбүз президентке кат жазган болчубуз. Азыр бул иш кайрадан сотто каралып жатат. Биз жок дегенде эмне себептен өлтүрүлгөнүн билгибиз келет. Кийин кыздарыбыз «атабыз эмне болуп каза болгон?» десе, эмне деп жооп берем. Анын артында эки кызы калды», - деди ал.

Маркум Тилектин жубайы күйөөсүнүн өлүмүнө шектүү деп жаткан 24 жаштагы Адилет Каныбек кызы Элнуранын айткандары чындыкка дал келбей турганын билдирди.

«Тилек байке менин таякелерим болуп кетет. Ал жашаган батир мен иштеген цехтин жанында жайгашкан. Ал цехтин бардык ишине мен жооп берем. Тилек байкенин жанында Рамис байкем да жашачу. Азыр ал абакта отурат. Анын ата-энеси жок. Бирок атам каралашып, аны багып жүргөн. 15-ноябрда саат 19:00дө жумуштан чыккам. Үйдө отурсак, саат 21:30-22:00 чамасында Рамис байке телефон чалып, «мени Тилек байке сабап жатат» деди. «Байке койчу» деп телефонду коюп салгам. Өзүбүз Покровкада жашачубуз. Анан кайра ойлонуп, «биротоло цехтеги жылытуучу системанын жасалышын көрө келели» деп атам экөөбүз барсак, Рамис байке дүкөндүн жанында отурган экен. Аябай мас болуп калыптыр. Жанында Тилек байке да бар экен. Аны унаага жетелеп келип, «үйүңө жеткирип коелу десек», «жок мен дос баламды кичи автобуска салам» деп калып калды. Рамис байкемди үйүнө жеткирип, биз кайра үйгө кеттик. Үйдө чай ичип отурсак, Рамис байке кайра телефон чалып, кыйкырып-өкүрүп «мен Тилекти сайып салдым» деди. Деңдароо болуп калдык. Ошондо барбай эле койсом болмок экен деп калам. Мындай баш ооруткан маселе болмок эмес. Ошентип, атам экөөбүз жаман кабарды угуп дароо жөнөдүк. Барсам аялы Тилек байкенин башын кармап отуруптур. Мен Тилек байкени бетке 3-4 жолу чаап, байке «ойгон, жашаш керек, кыздарың бар» деп айтсам, ал кыска-кыска дем алып калды. Бир жолу «оу» деп айтты. Үстүнө куртка жаап коюшуптур. Мен бычак сайылган жерин көрүп алып жүрөгүм түшүп кетти. Анткени ичеги-карыны чыгып калган экен. Карындашы келип калды. Мындай нерсени көрүп, жүрөгү түшпөсүн деген ойдо «ары тур» деп түртүп жибердим. Аны болсо азыр башкача айтып жатышат. «Сен түртүп жибердиң, көрсөттүрбөй койдуң» дешүүдө.

Тез жардам кызматы 40 мүнөттө келди. А, мен Рамис байкемдин карындаштарын күттүм. Алар бир сааттан кийин келишти. Аларды унаага салып, ооруканага бардык. Кайра үйгө келип, эшикте отуруп уктап калыптырмын. Кайра саат 07:00дө ооруканага барсам, каза болуп калды деп угузушту. Анда дагы «сен түнү менен качып жүрдүң» деп ар бир басканымдан шек санап, эмнени гана айтышкан жок. Менин телефонума саат канчада кандай чалуу болгон, мен кимдерге жолуккам жана башка далилдер бар. Тергөөчүлөр анын баарын иликтешти. Рамис байкем деле келесоо эмес да, эгер мен күнөөлүү болсом мени эмнеге калкаламак эле. Анткени экинчи кызы операция болуп жаңы эле ооруканадан чыкты. Анын баарын таштап коюп, бирөөнүн күнөөсүн алмак беле», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×