Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусу, КЕмин 14.12.2018 14:02

Кеминде мугалимдер менен окуучулар аялдарга көрсөтүлгөн зомбулукка каршы акцияга чыгышты (сүрөт)

Turmush -  Кемин районундагы №19 кесиптик лицейде аялдарга көрсөтүлгөн зомбулукка каршы акция өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган лицейдин мугалимдери билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага мугалимдер, студенттер, райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана айыл өкмөттүн социалдык кызматкерлери катышты.

№19 кесиптик лицейдин студенттери менен мугалимдери колдоруна «Жаштар зомбулукка каршы», «Кыздарды зордоп ала качууга жол бербе», «Өспүрүм кыздардын эрте никеге туруусун биргелешип токтотолу», «Эрте никеге жол жок», «Өзүӊө жана башкаларга бактылуу келечек кур» сыяктуу чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп, жөө жүрүшкө чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×