Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Чүй облусу, КЕмин 15.11.2018 09:41 На русском

Погончон айым: Тергөөчү Асел Сагыналиевага ыраазычылык билдиргендер ыр жазып келишкен (сүрөт)

Turmush -  Кемин районуна караштуу Кемин шаарынын 37 жаштагы тургуну Асел Сагыналиева 9 жылдан бери ички иштер органдарында эмгектенет. Ал буга чейин райондук сот, прокуратурада да иштегенин аймактык кабарчыга айтып берди.

Асел Сагыналиева окуучу кезинде эле кылмышкерлердин күнөөсүн далилдеп, кылмыш иштерди тергегенге кызыкканын айтат. Ал Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында билим алган. 2006-жылга чейин Кемин райондук сотунда соттун катчысы, андан соң ушул эле райондун прокуратурасында адис болуп иштеген.

«Албетте, милиция кызматкери болуу аял киши үчүн оор. Бирок буга карабай үйдүн да, жумуштун да түйшүгүн көтөрүп, жетишип иштеп келем. Жумушта тергөөчү болсом, үйдө кадимки үй кожейкесинин кызматтарын аткарам. Тактап айтканда, эртең менен эрте туруп, уулумду мектепке жөнөтүп, кызымды бала бакчага жеткирип коюп, андан ары жумушка барам. Күндуз кечке жумушта болуп, кечинде үйгө келерим менен үй оокаттарын жасап, үй-бүлөмө көңүл буруп коюп, андан кийин эс алам», - деди ал.

Погончон айымдын айтымында, кээ бир ата-энелер тил укпаган балдарын урушуп коюуну өтүнүп келишсе, айрымдары ага арнап ыр жазып келишет.

«Биз деле пенде болгон соң ыйлабай койбойбуз. Айрымдар милиция кызматкерлерин таш боор же такыр эле ыйлабаган, мерез ойлошот эмеспи. Кыйналганда, жан кейиткен көрүнүштөргө туш болгондо ыйлабай кое албайсың. Колумда карап жаткан кылмыш иштин тергөө мөөнөтү аяктап, ага улай арыздар көп болуп, үйдө балдарым сыркоолоп, же жумушка, же үйгө жетише албай калган күндөрүм болгон. Бир жылдары кызым ооруп, шаарга ооруканага жаткырышым керек болду. Өндүрүшүмдөгү кылмыш иштердин процессуалдык нормаларын сактоо үчүн ооруканага бара албай калып, кызымды үй шартында дарылоого туура келген.

Негизи бардык адамдарга жардамымды аябайм жана көбүнчө карыяларга жардам берем. Алардын көйгөйүн дыкаттык менен сурап жана чечип бергенге аракет кылам. Жумушка ар кандай адамдар келет. Кээде ата-энелер келип, кызын же уулун калп эле сүр көрсөтүп, урушуп коюумду өтүнүшөт. "Тил укпай, баш ийбей калды" деп келишет. Өздөрү катуу урушкандан коркушат. Кээ бирлерине жардамым тийип, алар эмне кыларын билбей, мага ыр арнап жазып келишкен», - деди ал.

Асел айым: «Биздин деле жеке жашообуз бар. Үйдө жашообуз укмуштай деп айтуудан алысмын, көйгөйлөр көп. Мекенге кызмат кылууга ант бергендиктен көпчүлүк убактыбызды жумушта өткөрөбүз. Ошентип кээде ойлогон нерсеңе жетпей каласың. Мен бул жашоодо бир гана кудайдан корком. Өзүм бөлмө гүлдөрүн өстүрүүнү жакшы көрөм. Ал эми тамак-ашты тандабайм. Ошондой эле сүйүү тууралуу тасмаларды көргөн жагат», - деди.

Сагыналиева Асел Орозбековна 1981-жылы Чүй облусундагы Кемин шаарында төрөлгөн. Апасы Роза 60 жашта болсо, атасы Орозбек 2005-жылы көз жумган. Ал үй-бүлөдө үч бир туугандын улуусу, анын эки иниси бар. Ошондой эле погончон айым 1 уул, 2 кыздын апасы.

«Жолдошум менин жумушума түшүнүү менен мамиле кылат. Анткени ал өзү да көп жыл бою ички иштер органдарында иштеген. Экөөбүздүн Нурсултан аттуу улубуз, Каныкей, Канышай аттуу кыздарыбыз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×