Turmush — Токтогул шаарындагы «Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасына таштанды чыгаруучу «FAW» үлгүсүндөгү 2 унаа, саркынды сууларды сордурууга ылайыкталган АС унаасы жана грейдер тапшырылды.
Маалым болгондой, ага шаардын жана ишкананын жетекчилиги катышты. Алар жаңы техникалар шаардагы коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөрүн белгилешти. Ошондой эле бул техникалар шаар тургундарынын суроо-талаптарын ыкчам жана натыйжалуу аткарууга кеңири мүмкүнчүлүк берери айтылды.