Turmush — 4-апрель күнү Ош шаарында 2-курстун студенти дарыяга кулап, бел омурткасы сынды. Бул тууралуу жабырлануучу Акжол Азимов өзү билдирди.
Анын айтымында, ал сабакка кечигип бара жатып, дарыянын үстүнөн өткөн чоң суу түтүгү аркылуу өтүүгө аракет кылган.
«4-апрелде окууга кеч калып, шашылышта дарыянын үстүндөгү чоң суу түтүктүн үстүнөн өтөм деп кулап түштүм. Бел омурткам сынып, ооруканага жаттым. Бишкекте операция болдум. Азыр абалым жакшы, бүгүн ооруканадан чыктым», - деди ал.
Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Казыбай уулу мэриянын аталган аймакта көпүрө куруу планы жок экенин айтты.
«Исанов көчөсүндөгү ОшМУнун медицина факультетинин кампусунда жайгашкан көпүрө 2024-жылы селден кийин алынган. Мындан тышкары, жол тыгындарын азайтуу максатында да буздурулган. Азырынча ОшМУ тарабын дагы, Ош шаарынын мэриясы тарабынан дагы көпүрө салуу планы жок. Учурда ошол аймактагы тургундар көпүрөнүн кереги жок экенин билдиришкен. Ошондуктан ОшМУ тарабынан да, мэрия тарабынан да көпүрө куруу планы жок. Алдыдагы иштерден эс алуу бактары жана жолдорду кеңейтүү иштери толук бүткөндөн кийин гана көпүрө салуу мүмкүнчүлүгү каралышы мүмкүн», - деди ал.
Ош шаарында 2-курстун студенти дарыяга кулап, бел омурткасы сынды
Иллюстрациялык сүрөт
Turmush в YouTube — подпишись!
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.