Turmush — Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында кечээ, 15-апрелде Ноокат районунун активи жана тургундары менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Көк-Бел айыл аймагынын Насирдин Исанов айылынын тургуну Тургунбай Мусаев таза суу маселесин көтөрдү.
«Бизде таза суу, агын суу жок. Кайракы айыл өкмөт. Агын сууну билбейбиз. Булактан, карандан [чорго] суу ичебиз. Жаныбыздан 8 км ылдыйдан Ак-Буура өтөт, Кара-Суу районуна карайт. Инвестор балабыз кыйла жылдан бери ошол жерден насостор менен суу алып келген. Башында документи сугат суу деп кирип калган экен. Эми ичүүчү суу кылып бергиле десек, "Бишкекке баргыла" деп, кыла албай жатышат. Азыр 2 тонналык эки резервуар бар. Ошону иче турган кылып берсеңиз жакшы болот эле, документин бүтүрүп», - деди Мусаев.
Садыр Жапаров жергиликтүү бийликке тапшырма берип, эгер маселе Бишкектен чечиле турган болсо, тез арада борборго жөнөтүү керек экенин айтты.
Ал эми Ноокат районунун акими Данияр Шейшеканов бул маселе боюнча комиссия түзүлүп, каралып жатканын билдирди.
«Тез арада чечкиле. Таш бакадай болуп жүрө бербей, мындай маселелерди бат-баттан чечпейсиңерби. Өзүңөр чече албасаңар, Бишкек чече турган болсо, жөнөткүлө. Бишкек чечип берет», - деди президент.
- Данияр Шейшеканов Ноокат районунун акими кызматына 2025-жылдын ноябрь айынын аягында президенттин тескемеси менен дайындалган.