Turmush — Баткен облусунда өрүктөрдүн массалык түрдө зыянкеч курттарды аныктоо үчүн лабораторияга үлгүлөр алынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, Баткен шаарынын тургуну Төлөмүшов Турсуналынын огородундагы өрүк бакатрында «короед» зыянкечи боюнча кайрылуусуна 10-апрели күнү Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын адистери аталган жарандын үйүнө барып, изилдөө иштерин жүргүзүп, өрүктөрдү жабыркатып жатат деген курттардын үлгүлөрүн Баткен өсүмдүктөрдүн карантини лабораториясына аныктоо алып кетишти. Лаборатордук экспертизанын жыйынтыгында, аталган курт – короеддер (лат. Scolytinae) түркүмүнө кирген курттар экендиги аныкталды.
Короеддер же кыргызча кабык жегичтер (зыян келтирген көбүнчө заболонник түрлөрү) узундугу 2-10 мм болгон, кочкул күрөң түстөгү майда коңуздар. Алар кабыктын астына өтүп, жыгачтын ичинде жүрмөлөрдү казып, дарактын куурашына алып келет.
Белгилери: сөңгөктө 1-2 мм өлчөмүндөгү тегерек тешиктер; «бургулоо уну (опилки)» (майда жыгач чаңы).
Жазында абанын температурасы +18°C жогору болгондо активдешет.
Коңуздары – майда, цилиндр формасында. Түсү кочкул күрөңдөн карага чейин. Алдыңкы көкүрөк бөлүгү томпок, кээде майда тишчелери болот.
Личинкасы – саргыч-ак түстө, орок сымал ийрилген, башы күрөң, кабык астында жыгач менен азыктанып, жүрмөлөрдү казат.
Короеддерге каршы күрөшүү чаралары:
1️. Агротехникалык чаралар:
– кургак, жабыркаган бутактарды кесип өрттөө;
– кесилген жерлерди бак майы же бак вары (садовый вар) менен шыбоо;
– даракты убагында сугаруу, азыктандыруу.
2️. Механикалык ыкма:
– кабыктагы жабыркаган жерди тазалап, личинкаларды жок кылуу;
– тешиктерге инсектицид сиңирилген кебез коюу.
3️. Химиялык иштетүүлөр:
– эрте жазда бүчүр ачылганга чейин алдын ала химиялык инсектицидтерди чачуу.
Колдонулуучу химиялык дарылары:
Контакттык инсектициддер (сыртынан чачылат):
1) Циперметрин - доза: 2-5 мл/1 литр сууга. Дарактын кабыгына толук чачылат. Ар 10–14 күндөн кийин 2-4 жолу кайталанат.
2) Дельтаметрин - доза: 0,5-1 мл/1 литр сууга. Кабыкка жана жаракаларга чачуу. 2 жумада 1 жолу.
Системалык инсектициддер (дарактын ичине сиңет):
3) Имидаклоприд - доза: 1 мл/5-10 литр сууга. Тамырына куюу же кабыгына чачуу. 20-30 күндө кайталоо.
4) Тиаметоксам - доза: 1-2 г/10 литр сууга. Колдонуу: тамыр аркылуу сугаруу же кабыка чачуу. Кайталоо: 2-3 жумада.
Аталган зыянкечке каршы күрөшүү боюнча облус аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Буга чейин Баткен облусунда өрүк дарактарын массалык түрдө зыянкеч курттар каптап, дыйкандар дарактарды кыюуга аргасыз болуп жатканы кабарланган. Жергиликтүү багбан Турсунали Төлөмушов Turmush басылмасына берген комментарийинде өзүнүн багында зыянга учураган 40тан ашуун даракты кескенин билдирген.
«Бул оору бир эле Баткенде эмес, коңшу мамлекеттерде да жүрүп жатат. Өрүк дарактары менен кошо токойлордо да пайда болгон. Сөңгөк менен кабыктын ортосундагы куртту дарылоо жолу менен өлтүрүү дээрлик мүмкүн эмес экен. Өткөн жылдан бери ушул оору менен күрөшүп жатабыз.
Мындай абал 5-6 жыл мурда Казакстанда кездешип, ал жакта карантин киргизилип, мамлекеттик деңгээлде чара көрүлгөн. Бизде да мамлекеттик деңгээлде колго албаса, дарактар толугу менен кыйылып кетиши мүмкүн.
Бул зыянкечтерди даракты дарылоо жолу менен жок кылуу мүмкүн болбой жаткандыктан, айрым аксылык дыйкандар кадимки электр энергиясын колдонуу менен арылууга болорун айтып жатышат. Алардын айтымында, 220 вольттук электр энергиясын даракка берип, ток урдуруу аркылуу курттарды жок кылса болот» - деген ал.
Дыйкандын айтымында, бирок бул ыкманы азырынча ачык бөлүшүлө элек.
«Анткени алар бул тажрыйбаны өз каражатына үйрөнүп келишкенин айтып, акы төлөнгөн учурда гана барып дарылап берерин билдиришүүдө. Мен да күн панелинин жардамы менен колдонуп көрдүм, бирок натыйжа болгон жок», - деген ал.